Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-марты №15
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VI- чакырылган IV- кезексиз сессиясы Кочкор-Ата айылындагы айылдык жыйындын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин, айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ураим Тороевдин ысмы Кочкор-Ата айылынын жаны чегиндеги Кара-Терек участкасынан көчүрүлгөн тургундар жашаган көчөгө ыйгарылсын.
2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип, көрсөтмө такталарды үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Тороев Ураимдин уул-кыздарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кочкор-Ата айылынын айыл башчысы З.Бабашовко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |
Катчы | К. Сопуев |