Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрелиндеги №17
Кызыл-Октябрь айылдык КеңешининVI чакырылыш V сессиясы айыл Өкмөт башчысынын Кызыл-Сенир үрөөнчүлүк чарбасынын жана М.Тешебаев кооперативинин жетекчилерин айыл Өкмөт менен байланышып иш жүргүзүшпөй,дыйкандарды үрөөн менен камсыздоо иштери жок,айыл чарба техникалары менен элге кызмат көрсөтпөй,салык жана ижара акысын убагында төлөшпөй,келишими жок иш жүргүзүү менен айыл Өкмөткө отчет беришпей жүргөндүгүнөн алмаштыруу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сенир үрөөнчүлүк чарбасынын жана М.Тешебаев кооперативинин жетекчилерин алмаштыруу Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Мусаев |
Жооптуу катчынын милдетин аткаруучу | К. Сопуев |