Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрели №18
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VI- чакырылган V- кезексиз сессиясы Эски Покровка айылындагы айылдык жыйындын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин, айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орунбай Каримовдун ысмы Эски Покровка айылынын жаны чегиндеги Абдрахманов Осмондун үйүнөн Токтогулова Айнагулдун үйүнө чейинки көчөгө ыйгарылсын.
2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип, көрсөтмө такталарды, үй номерлерин жаздырып илдируу жагы Орунбай Каримовдун уул-кыздарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Эски Покровка айылынын айыл башчысы М.Аматовко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |
Катчы | К. Сопуев |