Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-июну № 22-7
Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринде “Мугалимдердин статусунун” аткарылышы жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринде “Мугалимдердин статусунун” аткарылышы (жаш мугалимдерге жылына бир жолу жөлөк пул төлөп берүү жана комуналдык төлөмдөрүнө жардам берүү) жөнүндөгү мектеп жетекчилеринин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин ( бешинчи чакырылышынын) кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим беруу мекемелеринде “Мугалимдердин статусунун” аткарылышы (жаш мугалимдерге жылына бир жолу жөлөк пулу 1 000 (миң) сом акчалай түрдө төлөп берүү жана коммуналдык төлөмдөрүнө жардам берүү) эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин финансы жана экономика бөлүмү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бекботоев |