ТоктомКүчүндө

Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 16-июнундагы №25 «Кызыл-Октябрь айылынын Жаман-Адыр участкасынан мектеп курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция16.06.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 16-июну №25

Кызыл-Октябрь айылынын Жаман-Адыр участкасынан мектеп курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кызыл-Октябрь айылынын Жаман-Адыр участкасына мектеп куруу суроо талабын иш жүзүнө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- беренесине таянып, маселени угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кеңештин VI-чакырылган VIII кезексиз сессиясынын Кеңешмеси төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн Кызыл-Октябрь айылынын Жаман-Адыр участкасынын айыл чарба багытында эмес жерден 225 орундуу мектептин курулушуна 22410 м2 жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан ажыратып берилген жер участогуна тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жана мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Мусаев