Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-июну №27
Кочкор-Ата айылынын Кара-Таш участкасына мектеп курууга суроо талабын иш жүзүнө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- беренесине таянып, маселени угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кеңештин VI-чакырылган VIII кезексиз сессиясынын Кеңешмеси төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн Кочкор-Ата айылынын Кара-Таш участкасынан айыл чарба багытында эмес жерден 180 орундуу мектеп курууга 11949 м2 жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан ажыратып берилген жер участогуна тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жана мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Мусаев |