Редакцияот 16.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 16-июну №28

Кочкор-Ата айылынын Кара-Таш участкасына бала бакча курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кочкор-Ата айылынын Кара-Таш участкасына бала бакча курууга суроо талабын иш жүзүнө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- беренесине таянып, маселени угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кеңештин VI-чакырылган VIII кезексиз сессиясынын Кеңешмеси төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн Кочкор-Ата айылынын Кара-Таш участкасынан айыл чарба багытында эмес жерден 90 орундуу бала бакча курууга 3240 м2 жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан ажыратып берилген жер участогуна тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жана мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Мусаев