Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-июну № 22-8
Бел айыл өкмөтүнүн депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин сессияларынын токтомдорун сайтка жарыялоо жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнүн депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин сессияларынын токтомдорун сайтка жарыялоо боюнча Бел айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Б. Эркебаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел айылдык Кеңешинин ( бешинчи чакырылышынын) кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл өкмөтүнүн депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин сессияларынын токтомдорун сайтка жарыялоо үчүн зарыл болгон акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин финансы жана экономика бөлүмү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Бекботоев |