Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июлу №30
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VI- чакырылган IХ- кезексиз сессиясы Кызыл-Сенир айылындагы айылдык жыйындын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин, айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сапарали Мамытовдун ысмы Кызыл-Сенир айылынын А.Мадымаров көчөсү менен О.Зулумбеков көчөсүн бириктирген жаңы көчөгө ыйгарылсын.
2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип, көрсөтмө такталарды, үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Сапарали Мамытовдун уул-кыздарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Сенир айылынын айыл башчысы М.Темировко милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мусаев |