Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июлу №32
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VI- чакырылган IХ- кезексиз сессиясы айыл Өкмөт башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин, айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаман-Адыр участкасындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандарга ажыратылган жердеги жаны конушка «Ынтымак» айылы ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү документтерин,иш кагаздарын даярдоо жер,турак-жай маселери боюнча башкы адис З. Осмоновко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К. Мусаев |