Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры №34
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VI чакырылган кезектеги X сессиясы Лесхоз айылында жайланышкан айыл чарба авиациясынын ээлеген жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча маселесин карап, талкуулап Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2014-жылдын 28-апрелиндеги № 229 корутундусунун жана Өзгөн райондук «Мамкаттоо» башкармалыгынын 2014-жылдын 1-августундагы № 296- билдирүүсүнүн негизинде Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VI-чакырылган X кезектеги сессиясынын Кеңешмеси төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лесхоз айылында жайгашкан айыл чарба авиациясынын ээлеген жер тилкесин 4,3 га жер аянты менен айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан, Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мулккө укуктарды каттоо башкармалыгынан тийиштуу иш кагаздарын даярдап беруу жана мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төраганын орунбасары | С. Камалов |