Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры №35
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VI чакырылган кезектеги X сессиясы Кызыл-Октябрь айылынын калкынын маданият үйүнө болгон суроо талабын аткаруу максатында маселени карап, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айылынан мурдагы кампанын ордунан айылдын маданият үйүнүн курулушуна 1000 м2 жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн райондукшаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан, Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мулккө укуктарды каттоо башкармалыгынан тийиштуу иш кагаздарын даярдап беруу жана мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төраганын орунбасары | С. Камалов |