Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты №14
Кызыл-Тоо айыл аймагында жайгашкан айыл өкмөтүнүн балансында турган китепкананын имаратын «Кызыл-Тоо» балдар бакчасынын балдар үчүн тамак ичүүчү бөлмө тартыш болуп жаткандыгын эске алып, баланстан баланска өткөрүү боюнча Кызыл-Тоо айылдык Кеңештин 6-чакырылышы 6 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Тоо айыл аймагында жайгашкан китепкананын имаратын «Кызыл-Тоо» балдар-бакчасынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2.Тиешелүү документтерди жасап баланстан баланска которуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Кадыров Жайнак, Айылдык китепкананын башчысы А.Сагынбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Кадырбеков |