Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты №15
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айылдык китепкананын имараты “Кызыл-Тоо” балдар бакчасынын балансына өткөрүлгөндүктөн аны №16 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун бош турган бөлмөлөрүнө көчүрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, Кызыл-Тоо айылдык Кеңештин 6-чакырылышы 5 сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Тоо айыл аймагында жайгашкан китепкананын имаратын «Кызыл-Тоо» балдар-бакчасынын балансына өткөрүлүп берилгендиктен, китепкананы №16 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун бош турган бөлмөлөрүнө жайгаштырылсын.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, китепкананы көчүрүүнү уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Кадыров Ж., китепкананын башчысы Сагынбаева А. милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Кадырбеков |