Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-апрели №17
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4- беренесине ылайык Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылдык Кеңеши, Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 6 шайланган 6 сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү Кеңеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жаматтын көп жылдык жана жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүндө ашырууда одоно кемчилдиктерди кетирүүгө жол берилсе ичинен жайыт комитетинин берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө жайыт пайдалануучуларга ,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ,жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө, Жайыт пайдалануучу бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында жана толугу менен тийиштүү отчетторду маалыматтарды берип туруусуна милдетүү.
5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо ,макулдашууда,бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бакировго жүктөлсүн.
Төрага | К. Кадырбеков |