Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-апрели №18
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагынын калкына мал жайыт үчүн пайдаланууга бериген жер аянттарынан, жакынкы жайыттардан жергиликтүү жашоочулар чөп ормо катары пайдаланып, мал үчүн күзгү, жазгы жайыттар кыскарып бара жаткандыктан, жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 6-чакырылыштагы 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл аймагына караштуу жайыт эсебиндеги жерлерден чөп ормо катары пайдаланууга тыюу салынсын.
2. Жайыт жерлерди сарамжалдуу пайдалануу, чөп ормо катары пайдаланып жаткан атуулдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана көзмөлдөө жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Самидиновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Кадырбеков |