Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 23-1
Бел айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында социалдык- экономикалык жактан өнүгүүсүнүн аткарылган иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы М. Каратаевдин отчёту
Бел айыл Өкмөтү 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгын айыл Өкмөтүндө 2016-жыл үчүн түзүлгөн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсунун пландарынын негизинде жүргүзүп, төмөнкүдөй иштерди аткарууга жетишти.2016-жылдын 17-февралында өткөрүлгөн айылдык Кеңештин сессиясында бекитилген айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин толуктоо багытында 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгына жеткирилген пландары төмөнкүдөй көрсөткүчтү берген.
Ижара акысы -139,0 сом план берилсе, аткарылганы -136,1 сом
Жер салыгы -180,0 сом план болсо, аткарылганы - 261,5 сом
Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы план 135,0 болсо аткарылганы 87,1 сом
Тамарка салыгы 130,0 сом болсо аткарылганы 185,0 сом, кыймылсыз мүлк салыгына 50,0 сом план берилген болсо аткарылганы 51,6 миң сомду,кыймылдуу мүлк салыгына 393,0 сом план берилсе аткарылганы 451,1 миң сомду,ыктыярдуу патентке план 185,0 сом берилсе аткарылганы 188,9 миң сомду, милдеттүү патент боюнча план 22,0 миң сом болсо,аткарылганы 8,5 миң сомду,таштанды салыгы боюнча план 110,7 миң сом болсо аткарылганы 81,9 миң сомду түзүп жалпы биринчи жарым жылдыкка берилген план 1344,7 миң болсо топтолгону 1451,7 сомду түзүп пландан 107,0 миң сом ашыкча топтолуп 108% ке аткарылганы менен ижара акыдан планга 2,9 миң сом , айыл чарба багытында эмес жер салыгынан планга 47,9 миң сом, милдеттүү патенттен 13,5 миң сом,тамарка салыгынан 28,8 сом аз топтолгон. Айыл жеринде жер салыгы салыктын басымдуу бөлүгүн түзө тургандыгын биз жакшы билебиз, бирок бул салыктын түрүнун ставкасын “Салык Кодексинин” талаптарына ылайык айылдык Кеңештин сессиясында карап 3 эсеге чейин көбөйтүү маселесин айылдык Кеңештин депутаттарынын колдобой койгондугу өкүнүчтүү.
Өнөр жай тармагы боюнча
2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл аймагындагы ун тартуучу тегирмендер 48250 сомдук иш жүргүзүп былтыркы жылга салыштырганда + 25625 сомдук көп иш жүргүзүшсө,жем тартуучу эки тегирмен 8500 сомдук иш аткарышып былтыркы жылга салыштырмалуу 2500 сомдук көп иш аткарылганы менен Кулбаев Жеңиш иштеткен жем тартуучу тегирмен 1300 сомдук аз иш аткарган.Май куйуучу 2 ишкана бул сезондо 1381,3 сомдук кызмат көрсөтүп былтыркы жылга салыштырмалуу 371,0 сомдук көп кызмат көрсөтүлгөн. Ал эми пахта тазалоочу цех былтыркы жылга салыштырмалуу 9300 мин сомдук кийим тигүүчу цех 9000 мин сомдук аз иш аткарышкан. Унаа дөңгөлөктөрун желимдөөчү ишканалар былтыркы жылга салыштырмалуу 15000 миң сомдук көп иш аткарышкан.
Ашканалар былтыркы жылга караганда 1500 миң сомдук,мончолор 57000 миң сомдук көп иш аткарышканы менен жеке ишкер Айтиев Маматжан былтыркы жылга салыштырмалуу 41000 сомдук аз жумуш аткарган. Унаа тетиктерин сатуучу ишкана 1000 сомдук аз ,навайкана 5000 сомдук,жыгач тилүүчү цех 21600 сомдук иш аткарып,былтыркы жылга салыштырмалуу 13600 сомдук көп жумуш аткарган. Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында үч мебел жасоочу цех ишке киргизилип, 221,075 сомдук иш аткарышып жалпысы 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында өнөр жай ишканалары 2055,300 сомдук жумуш аткарышкан.
Инвестиция тартуу боюнча 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл аймагында жеке ишкерлер тарабынан 3 мебел жасоочу цех,1 дөңгөлөктөрдү желимдөөчү ишканалар ачылып жалпы суммасы 9124,0 сомдук инвестиция тартылды. Пластиктен эшик терезелерди жасоочу ишкана жеке ишкер тарабынан ачылып 340,0 мин сомдук иш аткарылган. 2016-жылда Борбаш айылынын Күнгөй участкасына суу жеткирүү боюнча “ Тоолуу аймактагы жамааттарды өнүктүрүү фондуна “Дукер” проектиси жазылып, жалпы суммасы 9 миллион 236 мин сомдук инвестиция тартылды. Г. Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектебинин жылытуучу системасын оңдоого 2 миллион 400 миң сомдук проект жазылган,бул проект боюнча 2016-жылдын 2-жарым жылдыгына киргизүү боюнча иш аракеттер жүргүзүлүүдө.
Мал чарбасы боюнча
2016-жылдын 1-январына карата кара малдын саны 3675 баш, кой 7672 баш, эчки 1722 баш жылкы 542 баш, үй канаттуулар 7857 баш катталган. Малдын башын көбөйтүү,асылдуулугун жогорулатуу боюнча бир катар иштер аткарылган. Алсак Сибир жарасына эмдөө 220 баш, Аскаридозго дарылоо 210 баш кара малдарга эмдөө жүргүзүү сибир жарасына эмдөө 540 баш,шарп оорусуна 1550 баш,кара сан оорусуна 1560 баш,бөкөгө дарылоо 640 баш, фасциолезго дарылоо 560 баш, диктиокеулезго дарылоо 560 баш, бруцеллезго бактериялык текшерүүдөн 277 баш өткөрүлгөн.
Майда жандыктар боюнча
Бруцеллезго рев-1 эмдөө 1480 баш, фасцилезго дарылоо 1560 баш,диктиакеулезго дарылоо 1560 баш,дикроцеллезго дарылоо 1560 баш дарылоодон өткөрулгөн. Уй канаттуулар боюнча чума оорусуна 1680 баш эмделген. Иттердин кутурма оорусуна каршы 165, эхнококкозго каршы 165 баш итке дары берилип,эмдөөдөн өткөрүлгөн. Кутурма оорусуна каршы жолбун ит-мышыктарды атуу боюнча иштер аткарылып 176 баш ит-мышыктар атылып жок кылынды.
Айыл чарбасы боюнча
2016-жылдын түшүмү үчүн 653 га жерге жаздык буудай,125 га жерге арпа, 225 га жерге жугөрү,180 га жерге картошка,40 га жерге май өсүмдүгү, көп жылдык чөп 637 га жерге айдалып себилди. 175 га күздүк буудайлар азыктандырылды. Кашка участкасын сугат суусу менен камсыз кылууга айыл Өкмөтү тарабынан 230,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.Бул иш толугу менен иш жузүнө аша элек. Кылкандүү дан эгиндерин ооруп жыйноо иштерине айрыкча маани берилүүдө. Бирок жүргүзүлүп жаткан иштер менен бирге орун алган кемчилдиктер да арбын. Күнөсканаларды куруу,тамчылатып сугаруу боюнча тапшырмалар берилгени менен иш жузүндө турмушка ашпай жатат.Буга кызыккан жолдоштордун болбой жатышы ишти кечендетүүдө. Айыл аймагындагы дыйкандарга суу жеткирүу боюнча “Мүрөк АВПсынын жүргүзүп жаткан иштери да талапка толук жооп бербейт.2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында суу пайданагандыгы үчүн суунун акысын топтоо араң 51,2 % ке аткарылган.Ошондой эле жайыт пайдалануучулардын аткарып жаткан иштери да көңүл жубаатарлык эмес. Салык пландары 20 % ке аран аткарылган.Ошондой эле жалпы план толгону менен 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында ижара салыгы толбой калган .Мунун негизги себеби ижарачылар салыкты өз убагында төлөп коюууга көнүл бурушпайт. Же буларга айыл Өкмөтү тарабынан тиешелүү жазалар берилбейт.
Социалдык жардамдар боюнча
2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында толтурулган соц.паспорттордун негизинде жашоо кирешелдери эсептелип чыгып 447 үй-бүлө мамлекеттик жөл пулга чегерилген. Айыл аймагындагы жалгыз бой 10 кары-картандарга кышка отуну үчүн 10000 сом акча каражаты берилген. Ата-энелери тышкы миграцияда жүргөн балдардын тизмелери такталып чыгып,балдар кимдердин колунда тарбияланып жаткандыгы аныкталган. 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата 25 балага 5000 сомдук жардам берилген. АИФ инфекциясы менен каттоодо турган 5 жарандын бирөөсүнө 5500 сомдук колдоо көрсөтүлгөн. Туберкуллез менен каттоодо 128 жаран турат.Алардын ичинен жардамга өтө муктаж болгон 4 жаран 2000 сомдон акчалай жардам алышкан жана 1 адамдын Ысык-Көлдун “Жети-Өгүз” санаториясына барып дарыланып келүүсү үчүн жол акысы төлөнүп берилди”.Бириккен улуттар уюмунун дүйнөлук азык-түлүк программасы” менен иш жургүзуп, 165 аз камсыз болгон уй-бүлөлөрдун мүчөлөрун иш менен камсыз кылып,иштеген эмгек акысы үчүн 30396 кг ун, 3178 л май алышкан.Дагы 4 проект боюнча 65 жаран иш менен камсыз болмокчу. Жүрөк оорусу менен ооруган Калилов Эркиналинин дарылануусуна 5000 миң сомдук жардам берилген.
Айыл аймагында 3 жалпы билим берүүчү орто мектеп,1 толук эмес орто мектиеп,1 башталгыч мектеп орун алган. Мектептердин матер иалдык-техникалык базасын чындоо боюнча тынымсыз иш аракеттер көрүлүп келүүдө.2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында Г. Эргешов атындагы “ Бел-Өрүк” орто мектебинде облустук денгээлде өткөрүлгөн кыргыз тил сабагы боюнча семинардын, Кеңеш орто мектебинде орус тили сабагы боюнча, Жаш толук эмес орто мепктебинде сүрөт сабагы боюнча өткөрүлгөн семинарларды жогорку деңгээлде өткөрүунү уюштуруу боюнча 60,0 мин сомдук колдоо көрсөтүлдү. 50, мин сомго дене тарбия сабагы үчүн керектүү болгон топтор сатылып берилди. Ош жана Бишкек шаарларында өткөрүлгөн спорттук мелдештерге барып катышып келүү үчүн мектеп окуучуларына 17,0 мин сомдук колдоо көрсөтүлдү. Акыркы конгуроо майрамында өзүнүн талыкпаган эмгектери менен өзгөчөлөнгөн 13 мугалимдер айыл Өкмөтүнун “ Ардак грамотасы “ менен сыйланышкан. 2015-2016- окуу жылында 11 –классты 116 окуучу,9-классты 172 окуучу мамлекеттик аттестацияны ийгиликтүү тапшырышып орто билим жана толук эмес орто билим жөнүндөгү аттестат жана күбөлуктөрдү алышты. Жалпы республикалык тестирлөөдө ГюЭргешов атындагы Бел-Өрук орто мектебинин окуучусу Асилбек кызы Мадина,Мурат кызы Кызжибек,Ой-Талаа орто мектебинин окуучусу Самидин уулу Даниел жана Кенеш орто мектебинин окуучусу Каримбабаевалар жогорку упайларды камсыз кылышты. Тарых жана маданият жылына карата мектептер арасында “Ыр Кесе” майрамдары өткөрүлүп жатат.
Саламаттыкты сактоо боюнча 2 үй-бүлөлук дарыгерлер тобу элди тейлейт. Айыл аймагында АИФ оорусу менен 5 жаран катталган болсо,быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында мындай оору катталган жок.Туберкуллез менен ооруган 128 жаран каттоодо турат. Ошондой эле жүрөк кан тамыр оорулары менен ооругандардын саны өсүүдө. Бул оорулардын алдын алуу боюнча калок арасында тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
Айыл аймагында 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында эч кандай кылмыштуулук катталган жок
Калкты пенсия,пособие менен камсыз кылууда №14-Борбаш байланыш бөлүмү иш жүргүзөт. Алар 477 жөлөк пул алуучуларга,113 пенсионерлердин акчаларын өз убагында жеткирип берүү иштерин аткарып келе жатышат.
Калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерде кемчилдиктер арбын.Таза суу каналдагы сууга уланган. Көпчүлүк суу чорголору иштебейт. Айыл Өкмөтүнун балансына алынбагандыктан,аны оңдоп түзөө иштерине жетерлик суммада акча каражаты бөлүнүп берилбейт. Пайдаланган электр энергиясынын төлөмдөрүн өз убагында төлөп туруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Жогорку аткарылган иштерди жана орун алган кемчилдиктерди эске алып депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин( бешинчи чакырылышынын) жыйырма үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан камсыздоодо айыл Өкмөтү тарабынан аткарылган иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Каратаедин берген отчету эске алынсын жана айрым кемчилдиктердин орун алгандыгы белгиленсин.
2. Салык жана салык эмес төлөмдөрдүн айрым түрлөрү боюнча жеткирилген план тапшырмаларды өз убагында так аткарууда салык кызматкерлери Гаппарова Минавар жана Маматалиева Бактыгүлдөрдүн айырым кемчилдиктерге жол койгондукары белгиленсин жана бул кемчилдиктерди четтетүү боюнча аткарган иштери 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен карала тургандыгы эскертилсин
3. Айыл аймагында кошумча өнөр жай ишканаларын ачып,калкты жаны жумуш орундары менен камсыз кылуу багытында Бел айыл Өкмөтүнун башчысынын орун басары Жумаева айыл башчылар ,экономист-статист менен биргеликте иш жүргүзүүнү колго алсын.
4. Айыл аймагында иштеп жаткан өнөр-жай ишканаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу макс атында ай сайын алардын аткарып жаткан иштерине мониторинг жүргүзүү,алардын жетекчилери менен биргеликте ишканалардын туруктуу иштөөсүн камсыздоо чаралары көрүлсүн.
5. Бел айыл Өкмөтүнүн кызматкерлери 2013-2017-жылдарга өнүгүү программаларында көрсөтүлгөн 2016-жыл ичинде аткарылуучу иш-чараларды жана жеткирилген милдеттерди ишке ашырууну көзөмөлгө алууну камсыз кылышсын.
6. Айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмү 2016-жылдын 9 айында бюджеттин киреше бөлугун,салык жана салык эмес жыйымдардын бардык түрлөрү боюнча белгиленген план тапшырмаларды аткарууну камсыз кылышсын.
7. Айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында”Салык Кодексинин” талаптарына ылайык жер салыгынын коэфциентин жогорулатуу боюнча эл арасында түшундүрүү иштерин жүргүзүшсүн,кошумча булактарды издөө менен өзүн-өзү камсыздоонун көсөткүчтөрүн жогорулатууга жетишсин
- Чарбалык субъектилер менен өз мөөнөтүндө эсептешүү,салыкты көп жылдан бери төлөбөй качып жүргөндөргө мыйзам чегинде чара көрүүнү камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып баруу жана анын аткарылышын катуу көзөмөлгө алышсын.
- Бюджеттик каражаттардын өз багытында максаттуу пайдалануусуна көзөмөл жүргүзүүдө электр энергиясын эсептегичтер аркылуу эсептелиши, акт аркылуу болгон эсептешүүлөрдү токтотуу менен электр энергиясына каралган каражаттарды өз убагында каржылоо боюнча зарыл чаралдарды көрүшсүн,айыл аймагында мекеме-ишканалаврдын жеткирлилген лиммиттен ашыкч чыгымдоого жол бербөө,пайдаланган электр энергиясы үчүн дебитордук карыздарды кыскартуунун чечкиндүү чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
8. Айыл Өкмөтүнун 2016-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүн асапаттуу жана үнөмдүү аткарууну камсызсыздоо максатында мамлекеттик сатып алуулар боюнча Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги “ Мамлекеттик сатып алуулар” жөнундөгү № 72- мыйзамынын негизинде портал менен өз убагында иш алып баруу жагы милдеттендирилсин
9. 2016-жылдын түшумүн оруп-жыйноо үчун дыйкан фермерлерге ар тараптан көмөк көрсөтүү, айыл аймагында күнөөсканаларды курууну колго алуу,тамчылатып сугаруу ыкмасын киргизүү менен мөмөлүү дарактардын аянтын көбөйтүүгө,жайыт комитет инин ишине көмөк көрсөтүү жер адис Абдазовго жуктөлсүн.
10. Мал чарбасынын асылдуулугун жогорулатуу максатында малдарды жасалма жол менен уруктандырууну уюштуруу боюнча иштерди жүргузүү,мал чарбасында эпизотикалык абалды кырдаалды көзөмөлгө алып,малдардын түрдүү жугуштуу ооруларына каршы керектүү вакцианаларды камсыздоо,калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы ветеринардык кызматкер Сулаймановдун негизги милдети болуп саналсын.
11. Бел айыл Өкмөтүнун башчысынын орун басары Жумаева тийиштүү кызматкерлер, мекеме-уюмдардын жетекчилери менен биргеликте:
- “Тарых жана маданият” жылына карата түзүлгөн иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылышсын
- Мектептердин жана мектепке чейинки мекмелекрдин им араттарынын жаны окуу жылына карата сапаттуу даярдоону аяктоо, жаны окуу жылында билим берүүнүн сапатын жакшыртуу,тарбиялык иштердин,балдардын билим денгээлин көтөрүүнун чараларын көрүшсүн.
- Балдар бакчаларында профессионалдуу тарбиячы эжекелердин гана иштөөсүн камсыз кылышсын.
- Айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жөлөк пул чегерүү боюнча түзүлгөн комиссиялардын делолорду кайрадан карап чыгып,жардамга өтө муктаж болгон гана жарандардын такталышын катуу көзөмөлгө алышсын.
- Жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу,калкты таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштерге көңүл бурушсун
12. Мектеп директорлоруна:
Жаңы окуу жылына карата мектептердин сапаттуу ремонттолушун камсыз кылуу менен биргеликте окуучуларга терең билим берүү максатында окутуунун сапатын жогорулатууга,балдарды патриоттулукка тарбиялоо багытында жүргүзүп жаткан иштердин деңгээлин жогорулатууга,педагогикалык кадрларды толуктоого,жаш адистерге шарттарды түзүп берүүнү окуу китептеринин жетишпестигин кыскартуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүшсүн.
13. Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна:
- Калкты медициналык жактан тейлөөнүн сапатын жакшыртуу,калк арасында арасында оорунун алдын боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн
- Энелеридин жана ымыркайлардын набыт болуусуна жол койбоо
14. Соц адис Эргешовага:
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жакындан жардам берүү,пенсия,пособилердин жана калктын аялуу катмарындагы жардамга муктаж жарандарга төлөнүүчү жардамдардын даректүү жеткирилишин камсыз кылуу, жөлөк пул чектөөдө мыйзамдуулукту сактоого айрыкча көңүл буруп, жөлөк пул алуучулардын санын кыскартуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрсүн. Кадрлардын эмгек китепчелериндеги жазууларды мыйзам чегинде жүргүзүү жана функционалдык кызматтардын бөлүнүшүн ар бир кызматкерге жеткирсин.
15. Айыл башчыларга:
Электр энергияларын пайладангандыгы үчүн акыларды өз убагында төлөө боюнча РЭТ ишканасынын кызматкерине жакындан жардам беришсин.
Жергиликтүү боюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда салык кызматкерлерине колдоо көрсөтүшсүн.
16. Токтомдо берилген тапшырмалар боюнча маалыматтарды ар чейрек сайын кийинки айдын 5 числосуна берип туруу бардык кызматкерлерден талап кылынсын.
17. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бел айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Бекботоев |