ТоктомКүчүндө

Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы №18/2 «Ак-Тилек бала бакчасынын ысымын өзгөртүү жөнүндө» токтому

Редакция8.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОЧКОР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XVIII сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 8-ноябры №18/2

Ак-Тилек бала бакчасынын ысымын өзгөртүү жөнүндө

 

«Ак-Тилек» бала бакчасына Эрке Жунушалиеванын ысымын берүү жөнүндөгү Ак-Тилек бала бакчасынын эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун №16 токтомун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Тилек бала бакчасынын Эрке Жунушалиеванын ысымы берилсин.

2. Бала бакчанын атын өзгөртүү жагы Ак-Тилек бала бакчасынын башчысы З.Абышовага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Ж. Балкыбеков