Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-апрели №20
Кызыл-Тоо айыл аймагына караштуу Кызыл-Тоо айылынын калкы пайдаланып жаткан таза сууга болгон төлөмдү, суу түтүгүнүн ремонтун жана суу кампасы үчүн хлор алууга кеткен чыгымды, таза сууда иштеген жумушчуларга эмгек акы, мамлекетке төлөнүүчү салык, социалдык фонд төлөмдөрүн эске алуу менен Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 6 шайланган 6 сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Тоо айылынын калкы пайдаланып жаткан таза суу төлөмү ар бир кожолукка ай сайын 50 сомдон, ал эми үйлөрдүн эшик алдына суу түтүгүн киргизген тургундарга ай сайын 100 сом өлчөмүндө суу төлөмү төлөнүүсү колго алынсын.
2. Айыл тургундары эшик алдына суу түтүгүн киргизүү үчүн суу пайдалануучулар бирикмесинен уруксат алышсын жана таза суу киргизүү үчүн 2000 сом төлөм чегерилип , суу пайдалануучулар бирикмесинин өздүк эсебине төлөнсүн.
3. Токтомдун аткарылышы айылдык Кеңештин Финансы, бюджет жана экономика боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Кадырбеков |