Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-апрели №23
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган атуулдардын арыз-даттанууларынын көпчүлүгү турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө болгондуктан ошондой эле жаш уй бүлөлөрдүн муктаждыгын чечуу максатында Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 6 сессиясы маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган элдин көпчүлүгүнүн турак үйлөрүнүн жер аянттары азыркы мыйзамда бекитилген аянттан 3-4 эсеге көп, ошондуктан муктаж болгон жаш үй бүлөлүргө ошол аянттардан бөлүп берүүнү уюштурушсун.
2.Тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана турак жай маселеси боюнча жетектөөчү адиси Ж.Акматалиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышы айылдык Кеңештин айыл чарбасы жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | К. Кадырбеков |