Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры №26
КызылТоо айыл өкмөтүнүн каклты жана мекеме уюмдарды кышка даярдоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 6-шайланган 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КызылТоо айыл өкмөтүнүн каклты жана мекеме уюмдарды кышка даярдоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери көнүлгө алынсын.
2. «Кызыл-Тоо» орто мектебинин от казанын кышка карата капиталдык ремонттон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүнүн башчысы Ж.Кадыровго жана мектеп директору А.Бакировага милдеттендирилсин.
3. «Эркин-Тоо» балдар бакчасынын жылытуу системасын толук бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүнүн башчысы Ж.Кадыровго жана балдар бакчасынын башчысы У.Асановага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Кадырбеков |
Кызыл-Тоо айыл аймагыдагы мекеме –уюмдардын кышка карата даярдыктары жөнүндө Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясынын берген
БИЛДИРҮҮСҮ
Кызыл-Тоо айыл аймагында 4 мектеп .3 бала бакча,1 маданият үйү жана 1 китепкана, 3ФАП,1 -үй бүлөөлүк дарыгерлер бөлүмү жайгашкан.
Билим беруу тармактары боюнча баардык мкетептерде жаны окуу жылы башталган.
Кызыл-Тоо орто мектебинде кышка карата даярдык боюнча көмүр 58 тонна каралса бары түшүрүлүп берлген.Жылытуу системасына ремонт талап кылат экен тез арада ремонттон откоруу керек.Мектептин терезелери баары бүтүн.
Эркин-Тоо орто мектебинде каралган көмүр 69тн каралса баары түшүрүлгөн.Көмүр канасынын дарбазасын жанылаш керек экен.Жылытуу системасы кап ремонттон өткөрүлүп жакшы итшп жатат.Мектептин терезелери бүтүн, полдору эскирип калыптыр, алмаштырууну талап кылат.Эркин-Тоо балдар бакчасынын жылытуу системасынын ремонт иштери так бүтө электигин айтышты.
М.Ибраимов орто мектебинде 20 тонна комур талап кылса баары түшүрүлгөн. Көмүрканасы начар абалда экен .Класстагы печкалары кол менен жагыла турган эски печкалар экен,бирок таза ичине отун дагы салып даярдап коюптур.Терезелери бүтүн.Негизинен кышка даяр.
Маданият үйүндө 3 тонна көмүр каралса баардыгы берилген.Эшик терезелери бүтүн.
Айылдык китепканага 900тонна көмүр каралса баардыгы берлген.Кол песка менен жагылат экен.Отунду өзү даярдар алган.Бөлмөлөрү чон болгондуктан кыштын күнү китеп окурмандарга кыйынчылык болот экен.
Кызыл-Тоо бала бакчасына 15тонна каралса баардыгы бүгүкү күндө түшүрүлүп киргизилген.Эшик терезелери жаны коюлган баары бүтүн.Балдар тамак ичүүчү ашкананын чатырчасын алмаштыруу керек оор абалда экен.
Нурдүйнө балдар бачасына 10тонна каралса каралган көмүр берилген.Эшик терезелери бүтүн.
Эркин-Тоо бала-бакчасынын каралган көмүрү баардыгы түшүрүлүп киргизилген.Жылытуу системасы ремонттолуп жатат. эшик, терезелери бүтүн.
К.Курманбеков башталгыч мектебинде көмүрү түшүрүлгөн.Отуну даяр.Мектептин чатырчасын алмаштыруу керек экен.Мектептин эшик, терезелери бүтүн.
Медицина тармактарын райондон ооруканага карап көмүрлөрүн ошолор берет экен.
Кышка карата даярдыктары негизинен отундары бар, экиш терезелери бүтүн.
Айыл аймагында кышка карата даярдык канаттандырарлык десек болот.
Билдирүү даярдаган | Калбердиев. С |