Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры №27
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагынын тургундарынын жер участокторун мыйзамсыз тозуп, кашаалап алган жерлерден ижара акы төлөтүү жөнүндөгү маселени талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочулардын кээ бир жерлерди мыйзамсыз кашаалап тозуп алган жерлеринен (сугат жердин 1 гекарына 3000 сомдон, кайрак жердин 1 гектарына 1000 сом) ижара акы алынсын
2. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн салыктар боюнча жетектөөчү адиси У.Жолдошева, жер жана турак жай маселеси боюнча жетектөөчү адиси Ж.Акматалиевге жогоруда көрсөтүлгөн жерлерди аныктап, салыктарды жыйнап, айыл өкмөтүнүн бюджетине төгүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, салык жана инвестицияларды тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Кадырбеков |