Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры №29
Ак-Кыя айылынын тургундары айылда балдар бакчасы жоктугунан улам Кызы-Тоо айылындагы балдар бакчасына балдарын алып келип, бир канча түйшүккө түшүп жаткандыгын эске алып, маселени угуп жана талкуулап, Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 6-чакырылыштагы 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айылындагы Жоробеков Медербектин үйүндө жеке менчик балдар бакчасы уюштурулсун.
2. Жашап жаткан үйдүн ашыкча бөлмөлөрүн балдар бакчасына ынгайлаштырып ондоо, талаптагыдай жасалгалоо жана мыйзамга ылайыкташтыруу жагы жеке ишкер Жоробеков Медербекке жүктөлсүн.
3. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика боюнча бөлүмүнүн башчысы Ж.Кадыров жеке менчик балдар бакчасына жумшалуучу каражатты эсептеп чыгуу жана бөлүнүүчү каражат булактарын айылдык кеңештин кийинки сессияларына сунуштоо жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеёештин бюджет, салык жана инвестицияларды тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Кадырбеков |