Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-сентябры №28
2017-жылдын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча киреше катарында атайын фондон түшкөн акча каражаттарынын келип түшкөндүгү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Л.Жунусованын маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнө 2017-жылда атайын эсептен түшкөн акча каражатынан жүк жүктөөчү унаа XGMA XG 955H үлгүсүндөгү унаа сатып алууга – 900 000 (тогуз жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |