Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-сентябры №29
Ничке-Сай айыл аймагында көчөлөрдү ачуу,арыктарды чабуу каналдарды ремонттон өткөрүү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери, айылдык аймактагы тазалыктын сакталышынын 2017-жылдын 6-айлык жүргүзгөн иштери жөнүндө Укук тартиби жана мыйзамдулукту сактоо, атуулдардын арыз-даттанууларын кароо, жаштар саясаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери,коомдук уюмдар, көрктөндүрүү жана муниципиалдык чарба, айыл чарба, жер жана агрардык маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Осмоналиев Кеңешбектин маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагында көчөлөрдү ачуу, арыктарды чабуу каналдарды ремонттон өткөрүү,көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери, айылдык аймактагы тазалыктын сакталышынын 2017-жылдын 6-айындагы жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |