Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-октябры №31
Ничке-Сай айыл аймагынын тургуну ЖЧК «Сафек Ди 2» убактылуу башкы директорунун аткаруучусу Сарбанов Анарбектин жаңы заманбап интенсивдүү айыл-чарба технологиясын колдонуп, «Карлик» аттуу пилоттук проекти Ничке-Сай айылынын жарандарына иштетүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын Чоргочу участогунан жаңы заманбап интенсивдүү айыл-чарба технологиясын колдонуп «Жапыс бойлуу алма бак» өстүрүү үчүн ЖЧК «Сафек Ди 2» ишканасына 10 га жер аянтын бөлүп берүү жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Келишим түзүү менен жер бөлүп берүү жагы Ничке-Сай айыл аймагынын айыл чарбага тийиштүү иш кагаздарын даярдоо боюнча башкы адиси С.Шабдановго милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |