Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-октябры №32
Ничке-Сай айыл аймагына жаңы ачылган №18 «Керемет көч» мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Жолдошбаева Мираида Калдыбаевнанын сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагына жаңы ачылган №18 «Керемет көч» мектепке чейинки билим берүү уюму балдардын тамак-ашы үчүн, ата-энелерден ай сайын төлөнүүчү акча каражаты 650 (алты жүз элүү) сом өлчөмүндө бекитилип берилсин.
2. Ата-энерлердин төлөмү өз убагында төлөнүп туруусу жана туура пайдаланышы боюнча №18 «Керемет көч» мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору М.Жолдошбаевага милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |