Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-ноябры №36
Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 10-бөлүгүнүн негизинде Ничке-Сай айылдык Кеңешинин депутаты Тынчтыкбеков Осмонкул Тынчтыкбековдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. №2241 Ничке-Сай шайлоо участкасынан кийинки көп добуш алган Үтүров Чолпонбек Зекировичти Ничке-Сай айылдык Кеңешине депутаттыкка чакыртуу жагы Токтогул райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |