Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-сентябры №25/7
Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ибраимовтун К.Чолпонкулова атындагы балдар бакчасынын капиталдык ремонтуна каралган акча каражаты жетишпей жаткандыгына байланыштуу башка тармактардан үнөмдөлгөн акчадан каржылоо боюнча билдирүүсүн угуп талкуулап Жазы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жазы айыл өкмөтүнө караштуу К.Чолпонкулова атындагы бала-бакчасынын капиталдык ремонтуна каралган акча каражаты жетишпей жаткандыгына байланыштуу 475963 сом акча каражаты башка тармактардан үнөмдөлүп калган акча каражатынын эсебинен жылдырылып берилсин.
Бул акча каражаттары төмөнкү тармактардан унөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен каржылансын:
1. Аппарат тармагынын 3111(Кап.ремонт) статьясынан 215000 сом.
2. ЖКХ тармагынын 2221(Учурдагы ремонт) статьясынан 53761 сом.
3. ЖКХ тармагынын 2215 (Ар канд.чыгымдар) статьясынан 58302 сом.
4. СДК тармагынын 2221(Сатып алуулар) статьясынан 100000 сом.
5. СДК тармагынын 3112(Сатып алуулар) статьясынан 48900 сом.
Бардыгы: 475963 сом.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.С. Акматов |