Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 35
Бел айыл аймагындагы “ Жаш” участкасынын жашоочуларынын 2016-жылдын 30-сентябрындагы жалпы жыйынынын №1-протоколун бекитүү жөнүндө
Бел айыл аймагынын “Жаш” участкасынын жашоочуларынын 2016-жылдын 30-сентябрында өткөрүлгөн жалпы жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзүн –өзү башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 10-беренесинин 12-бөлүгунун негизинде Бел айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагынын “Жаш” участкасынын жашоочуларынын 2016-жылдын 30-сентябрында өткөрүлгөн жалпы жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. “Жаш” участкаксынаайыл статусу берилсин.
3. Токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Бел айылдык Кеңешинен суралсын.
Бел айыл өкмөтүнүн башчысы | М. Каратаев |