Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы
2016-жылдын 2-декабры № 3
Жылгын айылындагы көчөгө ат коюу жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXV-сессиясы айылдык кеңештин финансы-бюджет жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын Жылгын айылынын көчөсүнө Байзаков Меңдибайдын ысымын коюу жөнүндөгү токтому боюнча комиссиянын төрагасы Ө.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылгын айылынын Артыкбаев Бекташ атындагы көчөсүнөн бүткөн жеринен баштап, Пиясты-Сай көпүрөсүнө чейин Байзаков Меңдибайдын ысымы берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы-бюджет жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Шайдиев |