Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-январы № 1
Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Рсспубликасынын «Кыргыз Республикаеынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳгү» мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна. Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик тил жѳнүндѳгү" мыйзамына ылайык Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү» мыйзамынын 31-беренесине негизинде Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кызыл-Туу айыл аймагынын айыл Ѳкмѳтүнүн www.kyzyltuu.aksy.kg/admin расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Кызы-Туу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кызыл-Туу айыл аймагынын айыл Ѳкмѳтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рсестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т. Алимбековго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Мамыралы уулу Бакытбекке милдеттендирилсин.
Төрага | А. Шайдиев |