Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 20/8
Комсомол айылына купка куруу үчүн жер аянтын берүү жөнүндө
Комсомол айылына малды жазгы-күзгү мезгилдерде купкага салууга купка куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Комсомол айылынын тургундарынын кайрылуусун жана жайыт комитетинин төрагасы Т. Ниязалиевдин сунушун угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Комсомол айылына малды жазгы- күзгү мезгилдерде купкага салуу үчүн “Төш участкасынан” мурунку малдардын өлүгүн сактоочу жайдын ордунан типтүү долбоорго ылайык айыл аймагынын жайыт комитетине купка куруу үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Комсомол айылына малды жазгы- күзгү мезгилдерде купкага салуу үчүн “Төш участкасынан” мурунку малдардын өлүгүн сактоочу жайдын ордунан купка куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүнү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б. Кадыркул уулуна милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктууу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Н. Керимкулов |