Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № 21/1
Айыл аймагынын тургундарынын малдарын оорудан алдын алуу иштерин жүргүзүүдө кызмат акысын бекитүү жөнүндө
Жеке ветеринарлардын айыл аймагынын тургундарынын малдарын оорудан алдын алуу иштерин жүргүзүүдө кызмат акысы жөнүндө вет адис Б.Чыналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы тарабынан жиберилген жеке ветеринарлардын малдардын оорууларын алдын алуу иштерин жүргүзүдөгү кызмат акысы бекитилсин.
2. Айыл аймагынын тургундарынын малдарына ветеринардык справканы берүү жагы жеке ветеринардык врачтарга милдеттендирилсин.
3. Айыл аймагынын тургундарынын малдарын ооруудан алдын алуу иштерин жүргүзүүдө кызмат акысынын бекитилген баасын жетекчиликке алынышын жана ветеринардык справканын берилишин жеке ветеринарлар тарабынан аткарылышын көзөмөлдөөнү вет адис Б.Чыналиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом аткарылышын көзөмөлдөөну туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Н. Керимкулов |