Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № 21/2
Айыл аймагында спирт ичимдиктеринин сатылуусуна тыюу салуу жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Адыш , Комсомол айылдарынын тургундарынын өлкөбүздүн гүлдөп өнугүшүнүн келечегине зыяны тийип,нравалык жактан бузулууга, үй -бүлөөлөрдүн ажырашып- кыйроосуна, көптөгөн бактысыздыкка жана кылмыштуулукка себеп болуп жаткан алкоголдук ичимдиктердин бардык түрлөрүнүн сатылуусуна айыл аймагында тыюу салуу жөнүндө кайрылууларын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагыны айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Адыш ,Комсомол айылдарынын тургундарынын өлкөбүздүн гүлдөп өнугүшүнүн келечегине зыянын тийгизип , нравалык жактан бузулууга, үй -бүлөөлөрдүн ажырашып- кыйроосуна, көптөгөн бактысыздыкка жана кылмыштуулукка себеп болуп жаткан алкоголдук ичимдиктердин бардык түрлөрүнүн сатылуусуна айыл аймагында тыюу салуу жөнүндө кайрылуулары колдоого алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31- беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагында баардык алькоголдук ичимдиктердин сатылуусуна тыюу салынсын.
3. Айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууну уюштурган адамга 10000 (он миң) сом өлчөүндө айып акысы салынсын.
4. Айыл аймагындагы алкоголдук ичимдиктердин сатылышын токтотуга жана түшүндүрүү иштерин жүргузүнү айыл айымагынын айыл өкмөт башчысына, милициянын аймактык ыйгарым өкүлүнө тапшырылсын.
5.Бул токтомдун көчүрмөсү райондук ички иштер бөлүмүнө, айыл аймагындагы аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга жиберилсин.
6 Бул токтом райондук “Эмгек Туусу газетасына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин жалпы депутаттарына ташырылсын.
Төрага | Н. Керимкулов |