Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № 21/3
Дөң-Алыш айылдык маданият үйүнүн атын өзгөртүү боюнча айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылууларын кароо жөнүндө
Дөң-Алыш айылдык маданият үйүнүн атын өзгөртүү боюнча айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылууларын карап жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Алыш айылдык маданият үйүнүн атын өзгөртүү боюнча айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуулары эске алынсын.
2. Дөң-Алыш айылдык маданият үйүнө Нааматов Кубатбектин ысымы берилсин.
3. Мындан ары Дөң-Алыш айылдык маданият үйү “Нааматов Кубатбек атындагы Дөң-Алыш айылдык маданият үйү”,- деп аталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл айымагынын айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Керимкулов |