Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-августу № 22/2
Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 37-беренесинин 8-бөлүмчөсүнө ылайык “Кочкор районунун Ардактуу атуулу”наамына көргөзүү жөнүндө айыл аймагынын депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап айыл аймагынын Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп, жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоодогу жигердүү эмгеги үчүн Осмонов Зарылбек Осмонович жана генерал-майор Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович “Кочкор районунун Ардактуу атуулу” наамын ыйгарууга сунуш кылынсын.
2. Бул токтом Кочкор райондук депутаттарынын кошмо жыйналышынын алдында түзүлгөн комиссияга сунушталсын.
Төрага | Н. Керимкулов |