ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХXII сессиясы
2016-жылдын 3-августу № 22/3
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишим жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу биринчи вице-премьер-министринде болгон кеңешменин 12.07.2016-ж №11-17 протоколу менен таанышып жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн эки тараптуу «Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү» типтүү келишим бекитилсин.
Төрага | Н. Керимкулов |