Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-ноябры № 25/128
Кош-Дөбө айыл аймагынын муниципалдык менчиктеринин пайдаланышы тууралуу
Депутаттардын айыл аймактык Кеңешинин экономика, финансы жана бюджет салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Деркенбаев Майрамбек жана Кош-Дөбө айыл аймагынын бөлүм башчысы Капаров Сабатардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын муниципалдык менчиктеринин сакталышы тууралу маалымат жактырылсын.
2. Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарынын тургундары: - Тоймоев Күмөн, Кенжебаев Нурлан, Молдокадыров Аскар, Исмаилов Асейин, комбайндары комиссия баалаган бааны төлөө менен менчикке берилсин. Менчикке берилген комбайндарды сыртка сатып жибербөө үчүн атайын келишим түзүп берүү жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.
3. Гараж, кампанын тегерегиндеги муниципалдык менчикке тиешелүү жерлер менчикке берилбесин, толугу менен сакталсын.
4. Кош-Дөбө айыл аймагынын муниципалдык менчигин тактоо жана пайдаланышына көзөмөлдүктү күчөтүү жагы айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевге, ФЭБнүн башчысы С.Капаровго тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Байташов |