Редакцияот 18.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы

 

2016-жылдын 18-ноябры № 25/131

Кош-Дөбө айыл аймагындагы Сагымбай Орозбак уулу атындагы орто мектебинин терезелерин алмаштыруу жумуштарын түрткү берүүчү гранттын эсебинен ремонттон өткөрүү жөнүндө

Кош-Дөбө айыл аймагынын Сагымбай Орозбак уулу атындагы орто мектебинин терезелерин алмаштыруу жумуштарын түрткү берүүчү гранттын эсебинен ремонттон өткөрүү тууралу проектисин карап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 36 –беренесине ылайык Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кош-Дөбө айыл аймагынын балансасында турган Сагымбай Орозбак уулу атындагы орто мектептин терезелерин алмаштыруу жумуштарын ремонттон өткөрүү проектисин жактырылсын, проекти Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.

 

 Төрага

А. Байташов