ТоктомКүчүндө

Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 25/133 «Айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өкүлдөө тартиби жөнүндө» токтому

Редакция18.11.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы

 

2016-жылдын 18-ноябры № 25/133

Айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өкүлдөө тартиби жөнүндө

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.Д. Абулгазиевдин 2016-жылдын 10-ноябрындагы №11-17 тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндөгү” Мыйзамынын 30-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын “Айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өкүлдөө тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык өкүлдөө келишиминин шарттары жана ыйгарылуучу укуктардын тизмеси бекитип беруу боюнча Кош-Дөбө айыл аймактык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. “Айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өкүлдөө тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык өкүлдөө келишиминин шарттары бекитилсин.

2. Айыл аймагында өкүлдөө келишиминин шарттарын аткаруу жагы айыл аймагынын жооптуу катчысы А. Сыдыкбековага тапшырылсын.

 

Төрага

А. Байташов