Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-ноябры № 25/134
Штаттык бирдиктерин зарылдыгына жараша которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнун тартиби жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” №45 токтомунун негизинде Кош-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” №45 токтомунун негизинде Республикалык бюджеттен экономист-статист кызматы берилип жаткандыктан айыл өкмөтүнүн аскерге милдеттүүлөр боюнча инспектору кошулуп зарылчылыкка жараша бир кызмат орду болуп эсептелинсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлгө алуу жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровго жүктөлсүн.
Төрага | А. Байташов |