Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-ноябры № 25/135
Кара-Саз айылынын тургундарынан түшкөн арызды кароо жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин депутаттарына Кара-Саз айылдын тургундарынан түшкөн арызды карап «Навес» участкасынан 33 түтүнгө там салуу үчүн бөлүнүп берилген жерлердин чек араларын тактап, жаңыртып буйрук чыгартып берүүнү суранышкан. Арызды угуп жана талкуулап чыгып сүйлөгөндөрдүн сунуш пикирин эске алып Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Саз айылындагы “Навес”участкасынан 33 түтүнгө бөлүнүп берилген жердин чек арасын тактап, мыйзам чегинде документештирип берүү жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысына жана турак жай боюнча башкы адиске милдеттендирилсин.
2. Мурунку алынган документтерин тактап мыйзамдаштырып берүү жагы жер турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Тилен уулу Талантга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагынын башчысы Т. Абыкеевге тапшырылсын.
Төрага | А. Байташов |