Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-ноябры № 25/136
Кара-Күңгөй айылынын тургуну Жунушов Маликтин арызын кароо жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин депутаттарына Кара-Күңгөй айылынын тургуну Жунушов Маликтин мурунку Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектептин № 4 корпусу Кош-Дөбө айыл айылдык Кеңешинин 21.11. 2007-жылдагы XV1-сессиясынын № 82 токтому жана Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 21.11.2007-жылдагы № 49 буйруктары менен айылдарга ишкана ачуу максатында мебель жасоочу цехке берилген. Комиссия түзүлүп жеринен акты түзүлгөн.Ушул иштерди дагы жүргүзүү үчун бөлүнгөн имаратты менчикке берүүнү суранган арызын карап угуп жана талкуулап чыгып сүйлөгөндөрдүн сунуш пикирин эске алып Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурунку чыгарылган токтомдордун негизинде башталган иштерди дагы өркүндөтүү пластик терезе, эшик, темир жумуштарды, мебелный жумуштарды жасоо максатында чакан ишкана үчүн имарат менчикке берилсин.
2. Мурунку келишимдерге өзгөртүү киргизип документтерин мыйзамдаштырып тактап берүү жагы жер турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Тилен уулу Талантга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жер турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Тилен уулу Талантга милдеттендирилсин.
Төрага | А. Байташов |