Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-декабры № 1
"Нарын шаарынын таза суу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоорунун алкагында алына турган жабдууларды жана атайын техникаларды күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык “Нарын шаарынын таза суу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында алына турган жабдууларды күрөөгө коюуга макулдук алуу боюнча Нарын суу канал ишканасынын жетекчиси Н. Максуталиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык “Нарын шаарынын таза суу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында алына турган жабдууларды атайын техникаларды күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Турсуналиев |