Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-декабры № 6
Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “экономикалык чыгымдар” беренесинен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Нарын шаардык мэриясы жана “Таза-Нарын” ишканасы Нарын шаарында ит, мышыктан жугуучу оорунун тарап кетишине бөгөт коюу жана жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында мергенчилик чарба менен келишим түзүлгөндүгүн, бүгүнкү күндө жогорудагы ишти аткарууда акча каражатын чечип берүү маселеси менен шаардык Кеңешке кат менен кайрылышкан.
Жогорудагы маселе боюнча Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарында ит, мышыктан жугуучу оорунун тарап кетишине бөгөт коюу жана жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында, мергенчилик чарба менен түзүлгөн келишимдин негизинде Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “экономикалык чыгымдар” беренесинен 216 672 (эки жүз он алты миң алты жүз жетимиш эки миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу Нарын шаарынын 1-вице мэри А.Сурановго, шаардык финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
Төрага | Э. Турсуналиев |