ТоктомКүчүндө

Талас шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 301/40-6 «Талас шаарынын Ү.Молдо көчөсүнөн Э.Мадиев көчөсүнө чейинки аралыктагы таза суу кетүүчү 2376 м. суу түтүгүн алмаштыруу жөнүндө» токтому

Редакция17.11.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз XXXX сессиясы

 

2016-жылдын 17-ноябры № 301/40-6

Талас шаарынын Ү.Молдо көчөсүнөн Э. Мадиев көчөсүнө чейинки аралыктагы таза суу кетүүчү 2376 м. суу түтүгүн алмаштыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасыны Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтому жана Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талабы боюнча Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 16.11.2016-жылдагы №01-1/1402 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас облустук өнүктүрүү фондусунан Талас шаарынын инфраструктурасын оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча приоритеттүү зарыл обьектилерди ишке ашыруу максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаарынын Ү.Молдо көчөсүнөн Э.Мадиев көчөсүнө чейинки аралыктагы таза суу кетүүчү 2376 м. суу түтүгүн алмаштыруу үчүн жалпы суммасы 5227016 (беш миллион эки жүз жыйырма жети миң он алты) сомго долбоор сунушталсын.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңештин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) тапшырылсын.

 

Талас шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А. Джузупбеков