Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры № 304/40-6
Э. Кутманалиев атындагы стадионго отургучтарды орнотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтому жана Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талабы боюнча Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 16.11.2016-жылдагы № 01-1/1401 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас облустук өнүктүрүү фондусунан Э.Кутманалиев атындагы стадионун материалдык жактан чындоо үчүн акча каражат суроо максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Э.Кутманалиев атындагы стадионго отургучтарды орнотуу үчүн жалпы 4207023(төрт миллион эки жүз жети миң жыйырма үч) сомго долбоор сунушталсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңештин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |