Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры № 300/40-6
Талас шаарынын Ш.Шеркулов көчөсүн Ч.Айтматов көчөсүнөн А.Огомбаев көчөсүнө, А.Огомбаев көчөсүн Б.Осмонкулов көчөсүнөн Ү.Молдо көчөсүнө, Ж.Мырзалиев көчөсүн Оторбаев көчөсүнөн А.Огомбаев көчөсүнө чейинки аралыктардагы 1км. 995 м. жолду асфальттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы №633 сандуу токтому жана Талас облустук өнүктүрүү фондусунун талабы боюнча Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 16.11.2016-жылдагы №01-1/1400 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас облустук өнүктүрүү фондусунан Талас шаарынын инфраструктурасын ондоо жана калыбына келтирүү боюнча приоритеттүү зарыл объектилерди ишке ашыруу максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Ш.Шеркулов көчөсүн Ч.Айтматов көчөсүнөн А.Огомбаев көчөсүнө, А.Огомбаев көчөсүн Б.Осмонкулов көчөсүнөн Ү.Молдо көчөсүнө, Ж.Мырзалиев көчөсүн Оторбаев көчөсүнөн А.Огомбаев көчөсүнө чейинки аралыктардагы 1км.995 м жолду асфальттоо боюнча жалпы суммасы 12724210 (он эки миллион жети жүз жыйырма төрт миң эки жүз он) сомго долбоор сунушталсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңештин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |