Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры № 305/40-6
Талас шаарында мамлекеттик –жеке өнөктөштүк аркылуу эл аралык Туристтик маалыматтык борборун ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтомуна ылайык , Талас шаарынын тургуну, Талас шаарынды туризм тармагы боюнча өнөктөш К.Таштакееванын кайрылуусунун негизинде Талас шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу эл аралык туризмди өнүктүрүү үчүн маалыматтык борбор ачуу максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн натыйжасында эл аралык туризмди өнүктүрүү үчүн “Талас шаардык туристтик маалыматтык борборун” ачуу боюнча 4,0 млн (төрт миллион ) сомго долбоор сунушталсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңештин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |